• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүндө шамал бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен.

Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке 6 куткаруучу, РЭТтен 3 бригада тартылган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тактоо иштеринен соң шамал 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келгендиги белгилүу болду. Бактар кулап, электр зымдары үзүлгөн, электр мамычалары кулаган.

Пикир

Оставить комментарий