• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндө тапанча менен коркутуп, телефонду карактап кеткен шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаранды тапанча менен коркутуп, телефонун карактап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июнда Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө Беш-Күнгөй айылында каракчылык фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Ал жерден 33 жаштагы О.Ч. аттуу жаран арыз жазып, үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна караган түнү болжол менен саат 01:30да белгисиз бирөө анын автоунаасына отуруп, Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюусун сураганын билдирген.

"Жолдо баратып, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен арыздануучуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, анын телефонун тартып алган. Андан кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 22 жаштагы С.Д. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий