• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аламүдүндө тоноочулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Аламүдүндө тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декюбарда милиция арыз менен 21 жаштагы Р.Р. аттуу жаран кайрылыпанда ал белгисиз адамдар анын “Редми” үлгүсүндөгү баасы 22 миң сомду түзгөн уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып кетишкенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал 2004-жылы туулган А.О. аттуу жаран экендиги такталган. Шектүу кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий