• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүндө унаа аял кишинин бутун басып калган — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа аял кишинин бутун басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Рухий-Мурас жаңы конушунун 33 жаштагы С.Н., аттуу тургуну короосундагы жеңил унааны от алдырып жатып, башкара албай дубалды сүзгөн. Натыйжада аялдын буту кыпчылып калган.

Жерине беш куткаруучу тартылып, аялдын бутун чыгарып, жабырлануучуну тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда жарандын абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий