• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндө өз апасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Аламүдүндө өз апасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облстук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБине Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыккан. Милиция кызматкерлери тарабынан аял кишинин сөөгүнө кароо жүргүзүлүп, анын дене жракаттары аныкталып, ал 73 жаштагы М.А. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 34 жаштагы М.А. аттуу баласы кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүнүн жашаган жеринен 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий