• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүндө жоголгон малчынын кийимдери дарыянын жээгинен табылды

Аймак 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда дайынсыз болуп аткан малчынын кийимдери дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Октябрская айылы менен Лубиная айылынын ортосуна 6-август күнү У.С. аттуу жаран (малчы) мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес, бүгүн жогору аталган жарандын кийимдери Чу суусунун жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, караңгы киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий