• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек, издөө иштери уланууда - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа бере элек.

2-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 3-сентябрда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий