• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда 8 жашар кызды зордуктоого аракет кылган 66 жаштагы киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган 66 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

“Кабар” агенттигине ведомстванын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 9-сентябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кайырма айылында болгон.

“Кармалган Б.К аттуу киши кыздын кошунасы болот. Ал баланынын үйүндө жашачу. Милицияга арызды кыздын апасы жазган”,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 130 беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий