• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламедин районунда небереси чоң атасын өлтүрүп, сөөгүн жашырып койгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Аламедин райондук Ички иштер органынын Криминалдык милиция кызматкерлери өзүнүн чоң атасын өлтүрүп койгон 18 жаштагы баланы кармады. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 6-мартта Аламедин райондук ИИОго ушул эле райондун Ленин айылынын жашоочусу 70 жаштагы К.А. белгисиз себептерден улам өзүнүн унаасынан жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт райондук ИИОнун кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция кызматкерлери тергөө-ыкчам иш-аракеттерди жүргүзө баштаган. Сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын жашаган жерине барышканда анын үйүнүн жанында чакан кафеси болгону аныкталган. Кийин жоголуп кеткендин туугандарын суракка алганда акыркы жолу ошол кафенин бөлмөлөрүнүн биринде эс алып отурганда көрүшкөнү белгилүү болгон.

Андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө криминалисттер кафенин айланасын кароодо канга окшош түс менен сүйрөп баруунун изин табышкан.

Аламедин райондук ИИОнун криминалдык милиция кызматкерлери “Адам уурдоо” версиясын иштеп чыгууга киришет. Ушул версияны текшерүү учурунда милиция кызматкерлери кылмыш жасоого катыштыгы бар адам катары жоголгон адамдын 18 жаштагы небересин ИИОго жеткиришет.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2021-жылы 5-марттын кечинде чоң ата менен неберенин ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө небереси карып калган чоң атасын уруп жиберет. Чоң атасы эсин жоготуп кулап түшөт. Андан кийин анын дем албай калганын түшүнүп балка менен бир нече жолу башка чабат.

Кылмыштуу жашыруу максатында небереси сөөктү унаанын багажына салып, Аламедин районундагы айылдардын бирине алып барып, камыштардын арасындагы сууга ыргытып салат. Ал эми унааны жууп, айылга жакын жерге токтотуп кетет.

Азыркы учурда К.А.нын сөөгү, анын унаасы табылып, бардык далил буюмдар алынды.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык Аламедин райондук ИИО кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына камалды.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий