• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Аламедин" станциясынан Кытайдан келген 47 вагонду тосуп алдык — Новиков

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. “Аламедин” темир жол бекетинен Кытайдан келген 47 вагондуу биринчи курамды тосуп алдык. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өзүнүн Facebook`тагы баракчасына билдирди.

Ал аталган окуянын өзгөчө маанисин белгиледи, анткени бул контейнерлерде кыргыз ишкерлеринин Үрүмчү шаарынан (КЭР) түз экспресс менен жеткирилген жүктөрү бар.

“Социалдык тармактын колдонуучулары жүктөрдү жеткирүүдө маселелер жаралгандыгы тууралуу менин баракчама бир канча ирет белгилешкен. Бул контейнерлерде “Дордой” базарындагы жана башка ишкерлердин жүктөрү бар, алар акыркы жылда Кытайдан Кыргыз Республикасынын аймагына жүк алып келүүдө чоң кыйынчылыктарга дуушар болушууда”, - дейт Новиков.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, акыркы үч ай аралыгында ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча чоң иштер аткарылды, анын ичинде Кыргызстандын аймагына жүк алып келүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Новиков мындай поезд менен мультимодалдуу жук ташуу биринчи жолу жүргүзүлүүдө, мурда бир эле поезд менен ташылып келген, алар ата мекендик ишкерлер үчүн сырье, материалдарды алып келишчү деп билдирди.

Анын айтымында, айына эки поездден жүк алып келүү келишимине жетишилди, ал ишкерлердин товарларын жана жүктөрү менен 100 контейнер жеткирет. Ошондой эле А. Новиков мындан ары айына поезддердин ташуусун 1000 вагонго жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турганын кошумчалады. Мындан тышкары, аба каттамары менен да жүк ташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий