• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талант Мамытов бир катар депутаттарга КМШ ПААнын сыйлыктарын тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеште Көз карандысыз мамлекеттер шериктигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ ПАА Кеңешинин атынан Ассамблеянын ишине активдүү катышкандыгы жана КМШга мүчө-мамлекеттердин элдеринин парламенттер аралык достугуна кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын "Шериктештик" орденин Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Динара Исаевага, ошондой эле парламенттин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовго тапшырды.

Депутаттар Айсулуу Мамашова жана Сайдолимжон Жураев "Парламенттик кызматташууну чыңдаганы үчүн" медалы менен сыйланышты. Ал эми Ардак грамоталар депутаттар Алмаз Жутановго, Жылдыз Мусабековага, Эмил Токтошевге, Самат Исмановго, Айнура Аскаровага тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий