• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Алатай" жаратылыш паркында фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү

Коом 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө коргоодогу аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өскөнү байкалат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирет.

Агенттиктен билдиришкендей, аны "Алатай" жаратылыш паркындагы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү далилдеп турат.

Белгилей кетсек, 6 фотокапкан март айында жапайы жаныбарларды байкоо жана эсебин алуу максатында орнотулган. Ал БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН)-Глобалдык экологиялык фонддун Батыш Тянь-Шанда биоартүрүдүүлүктү сактоо боюнча долбоорунун алкагында жасалган.

"Сүрөттө көрүнүп тургандай, жаратылыш паркынын аймагында дээрлик баардык сейрек жаныбарлардын түрлөрү бар. Белгилей кетсек, "Алатай" жаратылыш паркынын аймагында камандардын саны өскөнү байкалат. Буга чейин ал аймакта жапайы каман байкалган эмес", - деп билдирет агенттик.

Жакында эле "Алатай" жаратылыш паркынын кызматкерлери парктын аймагына дагы 6 фотокапкан орнотушкан.

"Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айлана-чөйрөнү коргоо, өсүмдүк жана жаныбарларга аяр мамиле кылууга чакырып келет. Аны менен бирге жапайы жаныбар, канаттуу жана өсүмдүктөрдүн санынын көбөйүшүнө же азайышына байкоо салып, эсепке алып келет", - деп билдирет агенттик.

"Алатай" жаратылыш паркынын аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Анын аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар, канаттуулар байырлайт: ак илбирс, сүлөөсүн, чүткөр, суусар, тянь-шань аюусу, бүркүт, көк жору ж.б.

Ошондой эле өсүмдүктүн 260тан ашык түрү өсүп, анын 14үнүн дарылык касиети бар.

Учурда Кыргызстанда сейрек куштардын 400дөн ашык түрү бар. Алардын 57си Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий