• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Албаниядагы жер силкинүүдөн көз жумгандардын саны 25ке жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Албаниядагы жер силкинүүдөн көз жумгандардын саны 25ке жетти. Урандылардын астында калган адамдарды издөө уланууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянуу менен ASSOCIATED PRESS басылмасы жазат.

Буга чейин 20 адам каза болуп, 600 тургун жабыр тартканы айтылган.

Жер титирөө Албаниянын борбору Тирандан бир аз алыс эмес жерде болуп, күчү 6,4 баллга жеткен.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматында, катуу жер силкинүү Тиран жана Дуррес шаарында байкалган. Кырсыктан ураган имараттардын алдында дагы адамдар бардыгы божомолдонууда.

Өлкөнүн премьер-министри Эди Раманын айтымында, Италия, Греция, Франция, Түркия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн куткаруучулары урандылардын астында калгандарды издөөсүн улантууда.

Дуррес шаарынын тургундары шаршембиге караган түндү чатыр, унаа жана футболдук стадиондо өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий