• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Албаниядагы жер титирөөдөн 4 адам каза болуп, жүздөгөн тургун жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Албаниядагы күчү 6,4 баллга жеткен жер силкинүүсүнөн 4 адам каза болуп, кеминде 150 тургун жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин билдиргенин Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиги билдирет.

Буга чейин Рейтер басылмасынын маалыматында айтылгандай, бир адам Курбин районунда өзүн паникага алдырып, терезеден секирип кеткен.

Албаниянын Тиран шаарынан 30 км алыстыкта 2 турак үй жана Кавая шаарында 2 имарат урап калган. Урандылардын астында адамдар бардыгы божомолдонууда. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

Ооруканага жүздөгөн адам кайрылган, алардын так эсеби айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий