• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Албек Ибраимов 28-декабрга чейин СИЗОдо калат

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Албек Ибраимов СИЗОдо 28-декабрга чейин калат. Анын мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Жактоочу каршы болгонуна карабай сот мамлекеттик күнөөлөөнүн пайдасына чечим чыгарган.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары өзүнүн отурумунда бир добуш менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк вотумун көрсөтүшүп, аны отставкага кетиришкен.

Кийин Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий