• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Албек Ибраимов: “Бишкек шаарынын күнү – ар бир шаардыктын туулган күнү”

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Бишкек шаарынын күнү – ар бир шаар тургунунун туулган күнү. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Шаар күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.

Анын айтымында, шаар күнү – бул чоң майрам. “Бул майрам ар бир шаардыкка таандык. Мен ар бир шаардын тургуну өзүнө жакшы маанай жана майрам уюштура алат деп ойлойм. Бул күнү парктарда, гүлбакчаларда, аянттарда маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар, элдик оюн-зооктор өткөрүлөт. Негизги иш-чара эски аянтта өтөт. Ал жакта жарманке, концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулат”,-деди ал.

Мындан тышкары, мэр шаарда Дельфий оюндарынын ири форуму өтөт, ага дүйнөнүн 20дан ашык өкүлдөрү катыша турганын кошумчалады. “Беш континенттен келген бардык катышуучулар Шаар күнүнө арналып уюштурулган иш-чараларга катышып, биздин майрамга күбө болушат”,-деди мэр.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Бишкекте шаардын 139 жылдыгы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий