• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Алдамчылык фактысы боюнча кармалган мурдагы депутат Нурматов эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кармалган "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты «Н.К.» (Нурматов Кубанычбек) эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 22-сентябрында токтомуна ылайык, шектелүүчү К. Нурматов 2021-жылдын 20-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө жайында кармалат.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылган.

Пикир

Оставить комментарий