• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алдамчылык менен кармалган ЖКнын мурдагы депутаты камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Ч.Р. аттуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөө иши бүткүчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

УКМКдан билдиришкендей, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды.

“Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы жана алынган далилдердин натыйжасында Ч.Р. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий