• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алдамчылык... Тыныбекова шылуундар анын аты жазылган фейк аккаунт ачып алганын айтып чыкты

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова шылуундар анын аты жазылган фейк аккаунт ачып алганын айтып чыкты.

Тыныбекова фейсбуктагы баракчасы аркылуу пост жазып, шылуундар фейк аккаунт ачып, алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатканын билдирди.

"Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат”, - деп жазат спортчу.

Айсулуу Тыныбекова катталуучуларды ал баракчага кирип, “арыздануу” баскычын басууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий