• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алдамчылыкка шектелген Гүлзат Мамытбек бир айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту Гүлзат Мамытбекти (Гүлзат Алымкулова) бир айга камакка алынды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Гүлзат Мамытбекке карата 25-ноябрь саат 21:30га чейин камакта калтыруу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине которулду.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук милициясына 7 жаран арызы менен кайрылып, анда алар ишенимге кирип, кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылып, алардан акча алып изин жашырып кеткен Г.А. аттуу жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен каттоого алынган.

Алынган маалымат боюнча, жаран Г.А. 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2020-жылдын 8-июнунда жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Г.А. Жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген шек менен сырттан билдирилген.

2020-жылдын 13-июлунда Биринчи май райондук соту тарабынан Г.А.нын сырттан баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалган.

2020-жылдын 8-августунда Г.А. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу убактылуу токтотулган.

2021-жылы 25-октябрда жаран Г.А. Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий