• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында издөөдө жүргөн Кыргызстандын А.А.К. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорудагы кармалган жаран жарандардын ишенимине кирип, УКМК жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алган.

Азыркы учурда аталган жаран жасаган кылмыштарынын бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий