• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алдыдагы төрт күндүн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 27-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет басма сөз кызматы билдиргендей, 24-мартта Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши ыктымал. 25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 26-мартта күндүз мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-мартта түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде бир аз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 26-мартта эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаан-чачын кечке жакын күтүлөт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Ал эми 27-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Кыргызгидрометтен белгилешкендей, мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий