• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алдын ала маалыматтар боюнча Сооронбай Жээнбеков үчүн 54% шайлоочу добуш берген

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча Сооронбай Жээнбеков үчүн 54% жаран добуш берген.

Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыда. Азыркы тапка карата маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы санынан ага 809 миң 330 же 54% добуш берилген. Бул тууралуу маалымат жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шайлоого жалпысынан азыркы убакытка карата 1 млн 399 миң 94 жаран катышкан.

Өмүрбек Бабанов үчүн 501 миң 901 (33%) жаран, Темир Сариевге - 37 430, Адахан Мадумаров үчүн – 98 миң (6,54%) шайлоочу добуш берген.

Жалпысынан шайлоого катышуу азыркы учурга карата 1 млн 492 миң 891 жаранды түздү.

Пикир

Оставить комментарий