• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алдын ала президенттик башкаруу формасы жеңүүдө. Ага 81,30% добуш берилген

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча референдумда президенттик башкаруу формасы жеңүүдө.

Референдумга 1 млн 370 миң 479 жаран катышкан. Ал жалпы шайлоочулардын 38,46%ын түзөт (сандар эсептөөгө жараша өзгөрүлөт).

Саат 21:50гө карата жалпы 2 миң 474 урнанын 2 миң 374үндөгү бюллетендер эсептелинди.

Урналардын 95,96%ы эсептелинди. Ага ылайык, президенттик башкаруу формасына– 81,30%, парламенттик башкаруу формасына – 10,83% жана бардык варианттарга каршы – 4,42% добуш берилген.

Пикир

Оставить комментарий