• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Алдын ала жыйынтык. Садыр Жапаров 79,24% добуш менен сап башында келе жатат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча Садыр Жапаров 79,24% добуш менен сап башында келе жатат.

Президенттик шайлоого 1 млн 376 миң 719 жаран катышкан. Ал жалпы шайлоочулардын 38,63%ын түзөт (сандар эсептөөгө жараша өзгөрүлөт).

Саат 21:40ка карата жалпы 2 миң 474 урнанын 2 миң 383үндөгү бюллетендер эсептелинди. Ага ылайык, президенттикке ат салышкан талапкерлер төмөндөгүчө добуш топтошту:

1. Садыр Жапаров - 79.24%;
2. Канатбек Исаев - 0.58%;
3. Мыктыбек Арстанбек - 1.68%;
4. Клара Сооронкулова - 0.99%;
5. Имамидин Ташов - 1.19%;
6. Рашид Тагаев - 0.00%;
7. Абдил Сегизбаев - 1.47%;
8. Адахан Мадумаров - 6.70%;
9. Аймен Касенов - 0.91%;
10. Улукбек Кочкоров - 0.68%;
11. Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;
12. Эльдар Абакиров - 0.50%;
13. Курсан Асанов - 0.50%;
14. Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;
15. Равшан Жээнбеков - 0.19%;
16. Бактыбек Калмаматов - 0.50%;
17. Бабыржан Төлбаев - 2.35%;
18. Каныбек Иманалиев - 0.18%;
19. Баарына каршы - 1.34%.

Пикир

Оставить комментарий