• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2017-жылдын 1-кварталында ИДП 7,8%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. "Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2017-жылдын 1-кварталында ИДПнын өсүшү 7,8% түзгөн. Былтыркы жылы бул мезгилде ИДП 6,4%га түшкөн”, - деп билдирди бүгүн КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердигинин отчетун талдоо жыйынында.

Премьер-министр 2016-жылы Өкмөт өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтырып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн узак мөөнөттүү максаттарды түзө алгандыгын кошумчалады.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 458 млрд сомду түзүп, экономиканын чыныгы өсүшү 3,8% болгонун эскертти.

“ИДП дефлятору 102,5% деңгээлинде болду. Экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары менен камсыздалды. 2016-жылы жылдык орточо деңгээли 100,4%ды түзүп, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч болду”, - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы 2016-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 205,3 млрд сомдук продукция өндүрүлгөнүн, өсүш 5,2% жана айыл чарба ички дүң продукциясы 197,1 млрд сом, 3% өсүшүн белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий