• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Александр Головин катышкан «Welcome to Kyrgyzstan» тасмасы тартылып бүттү

Маданият 0

Бишкек, 17-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Александр Головин катышкан «Welcome to Kyrgyzstan» (“Кыргызстанга кош келиңиз”) тасмасы тартылып бүттү. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында актер Бектемир Мамаюсупов билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин февралда "Сволочи", "Елки" тасмаларынын жана “Кадетство” сериалынын жылдызы Александр Головин Кыргызстанга «Welcome to Kyrgyzstan» юмористтик тасмасына тартылуу үчүн келип кеткен.

Россиялык актер катышкан эпизоддорду эки жума бою тартышкан. Бул мезгил аралыгында Александр Бишкек, Каракол шаарларында жана Ысык-Көлдө болду. Ошондой эле, тасмада Бектемир Мамаюсупов («Салам, Нью-Йорк»), Замира Сатыбалдиева («План Б»), алып баруучулар Мыйзам Абдумаликов жана Эркин Нурбаев катышышат. Тасманы Кыргызстан менен Россиянын кинотеатрларында үстүбүздөгү жылдын апрель же майында прокатка чыгаруу пландалууда.

Б.Мамаюсуповдун айтымында, тартуу аяктап калды. “Эми «Welcome to Kyrgyzstan» тасмасынын чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Көрүүчүлөрдүн ишенимин актоого убада беребиз, достор”, - деп ишендирди актер.

Пикир

Оставить комментарий