• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Александр Крестинин: Футболду мындай ойногон болбойт

Спорт 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Кечээ, Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калганына байланыштуу машыктыруучу Александр Крестинин үн катты. Анын сөзүн КР Футбол федерациясынын сайты жазып чыкты.

Анын айтымында, Кыргызстандын курамасы өздөрүн жакшы тараптан көрсөтө алган жок.

"Азия кубогунда бизде тартип бар эле. Тажикстанга каршы беттешкенде такыр башкача ойнодук. Эмнеге андай болгонун карап чыгабыз. Ооба, кээ бир оюнчулар келген жок, бирок команданын 3/4ү катышты. Бүгүнкү оюн – футболду мындай ойногон болбойт. Биз туура эмес чабуулга чыгып жаттык. Оюндун биринчи бөлүгүндө топту талаанын жарым бөлүгүнөн алдырып жаттык", - дейт машыктыруучу.

Крестинин белгилегендей, алдын ала каршылаштардын оюнун изилдеп чыгышкан.

"Биз каршылашыбыздын акыркы 5 оюнун карап чыкканда, алар талаанын ортоңку бөлүгүнөн чабуулга чыгып жатышкан. Алардын алсыз тарабын билгендиктен, биз талаанын эки капталынан чабуулга чыгышыбыз керек эле. Бирок, оюнчулар эмнегедир ортоңку бөлүктөн чабуулга чыгып жатышты. Тажикстандын командасы биз күткөндөй эле ойношту", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курамасы 10-октябрь күнү Мьянманын командасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий