• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Александр Крестинин: Кыргыздар улуттук курамасы менен сыймыктанышат

Спорт 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин россиялык sportbox.ru порталына маек берип, өзү жана Кыргызстандагы футбол тууралуу айтып берген.

Маекте ал Азия Кубогунан келгендин кийин эл кантип тосуп алганын, кыргыз футболу жана башка нерселер жөнүндө кеп кылган.

"Биз кудум эле Азия Кубогун жеңип алгандай (тосуп алышты - авт.). Мелдештин алдында Азиянын мыкты командалары арасында атаандаш боло аларыбызды далилдөөнү максат кылганбыз. Бүт өлкө күйөрмандык кылды. Биздин жеңиштен кийин майрамдап, жеңилүүдөн кийин кайгырды. Башкысы өлкөнү бириктирип, Кыргызстанда футбол бар экенин далилдей алдык. Дүйнө биринчилигиндеги Россия курамасынын окуясын эске салат. Кыргыздар улуттук курамасы менен сыймыктанат", - деп белгилеген Крестинин.

Ошондой эле башкы машыктыруучу өзү тууралуу да эки ооз сөз айта кеткен.

Пикир

Оставить комментарий