• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Александр Крестинин: Мен өзүмдүн футболчуларыма ишенем

Спорт 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. "Мен өзүмдүн футболчуларыма ишенем". Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун машыктыруучусу Александр Крестинин эртең тажикстандык "Хужанд" клубу менен боло турган оюн алдындагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал, биринчи беттештеринде эки команда тең анчейин жакшы ойной албаганын айтып, эртең кызыктуу оюн болорун белгиледи.

"Эртеңки беттешти баарыбыз күтүп жатабыз. Биринчи оюнда эки команда тең өздөрү үчүн ийгиликсиз ойношту. Эртең жакшы футбол болот деп ойлойм. Ал ("Хужанд" – авт.) – тажрыйбалуу команда. Бизге оңой болбой турганын түшүнөбүз. Ага кошумча, өз үйүндөгү күйөрмандардын колдоосу болот. Албетте, мунун баарына даярдык көрдүк. Мен өзүмдүн футболчуларыма ишенем" - деди машыктыруучу.

Белгилей кетсек, бул беттеш эртең Тажикстандын Хужанд шаарындагы Көз карандысыздыктын 20-жылы стадионунда болуп өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Буга чейин, "Дордой" клубу "Алтын Асыр" менен Бишкекте оюн ойноп, 1:1 эсебинде тең чыккан. Учурда анын бир упайы бар.

Пикир

Оставить комментарий