• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Александр Лукашенконун инаугурациясы өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Минскте дагы беш жылга президент болуп шайланган Александр Лукашенконун инаугурациясы өттү. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги кабарлады.

Инаугурация аземине жүздөгөн киши чакырылган. Алардын арасында жогорку кызматтагы аткаминерлер, депутаттар, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, маданият, илим жана спорт ишмерлери бар.

Александр Лукашенко Конституцияны кармап, беларус тилинде ант берди. Андан соң ал ант бергени жөнүндө актыга кол койду. БШК башчысы Лидия Ермошина Лукашенкого Беларус Республикасынын президенти деген күбөлүк тапшырды.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%ын, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10%га жакынын алганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий