• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Александр Требунский Россиядагы триатлон боюнча мелдеште жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Александр Требунский Россиядагы триатлон боюнча мелдеште жеңип чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал Нефтекамск шаарынын ачык чемпионатына катышкан. “Супер-спринт” дисциплинасында 89 спортчу катышкан. Мында 300 метрди сүзүп, андан соң 8 чакырымды велосипедде өтүп, эки чакырымды чуркоо керек болгон.

“Өмүрүмдө биринчи жолу 89 адамдын ичинен биринчи болуп сүзүп келдим. Мындан соң марага чейин лидерликти сактадым. Анык биринчи боло алдым”, - деп бөлүшкөн А.Требунский.

Белгилей кетсек, мелдештерге катышуу спортчу үчүн – июлда Индонезияда өтө турган Азия чемпионатына даярдык болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий