• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Миллер Жээнбековго: «Газпром» бардык макулдашууларды өз убагында аткарат

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын «Газпром» коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды.

Мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга көмөк болооруна ишенимин билдирди.

Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий