• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Алга" клубунун дарбазачысы жаракат алганына карабай оюнду улантып, 3 жолу дарбазаны голдон сактап калган

Спорт 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. "Алга" футбол клубунун дарбазачысы Руслан Жаныбеков "Дордой" командасы менен болгон беттеште жаракат алган. Дарыгерлер ал боорунан жаракат алганын айтышкан. Бул тууралуу КР футболчулар Ассоциациясынан билдиришти.

Дарбазачыга Улуттук хирургия борборунда операция жасалган.

"Кечээ "Алга" менен "Дордой" клубунун ортосундагы беттештин биринчи бөлүгүнүн аягында Руслан жаракат алган. Ага карабай оюнду аягына чейин ойноду. Жигит!", - деп жазган ассоциациядагылар.

"Алга" клубунан билдиришкендей, Руслан Жаныбеков оюндун 44-мүнөтүндө каршылаштарынын чабуулчусу Вахыт Оразсахедов менен сүзүшүп кеткен.

"Чабуулчу менен сүзүшкөнүнө карабай Руслан оюнду улантып, оюндун экинчи бөлүгүндө 3 жолу дарбазаны голдон сактап калды", - деп билдирет клуб.

"Дордой" командасы "Алайды" 2:0 эсебинде уткан.

Пикир

Оставить комментарий