• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алгач Россиядан Кыргызстанга билеттерди сатып алган жарандар алынып келинет - Боронов

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Алгач Россиядан Кыргызстанга билеттерди сатып алган жана билеттери колунда болгон жарандар алынып келинет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, кечээ чартердик каттам менен келген кыргыз жарандары обсервацияга киргизилген. "Кыргызстан өзүнүн жарандарын таштабайт, өлкөбүз аларды кабыл алууга даяр”, - дейт Боронов.

Эске салсак, 2020-жылдын 29-мартында Кыргызстанга Москвадан чартердик каттам аркылуу 402 жүргүнчү келген.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 94 кишиге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий