• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алгачкы медаль! Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 19.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Тынар Шаршенбеков өзүнүн 63 кг салмагында мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгачкы индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Анда өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен килем үстүнө чыкты. Алгач кыргызстандык балбан атаандашын көтөрүп чаап, беш упай топтой алды. Көп өтпөй өзбекстандык спортчу Шаршенбековдун белинен бекем кармап, эки-үч ирет оодарып жиберди. Эсеп 7:5ке айланды. Экинчи бөлүктө мекендешибиз Бахрамовдун далын жерге басуу аракети менен эсепти өз карамагына өткөрүп, 13:7ге өзгөрттү.

Финалда казакстандык Мейрамбек Айнагуловго каршы килем үстүнө чыкты. Кармашуунун биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ири упай топтой алган жок. Бирок экинчи бөлүктө Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге басып, алтын байгени илип кетти.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов (77 кг) Азия чемпионатынын финалына чыккан.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Учурда Кыргызстандын куржунуна алгачкы алтын медаль салынды.

Пикир

Оставить комментарий