• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алгачкы Советтик учкуч-космонавттардын бири көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Учкуч-космонавт, Советтер Союзунун эки жолку баатыры Валерий Быковский 84 жашында көз жумду. Бул тууралуу Россиянын Космонавттарды даярдоо борбору билдирет.

Учкучту акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 29-мартта Космонавттар үйүндө өтөт.

Быковский советтик космонавттардын биринчи отрядына кирген. Ал космоско 1963, 1976 жана 1978-жылдары учкан. Анын учуулары жалпысынан 20 сутканы түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий