• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алгачкы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун ээлери жаш шахматчылар болду

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорт (e-ЖЖП) тапшыра баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, биринчи нускаларынын салтанаттуу презентациясы №4 калкты тейлөө борборунда юстиция министри Асел Чынбаева жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын м.а. Залкарбек Карыбеков катышуусунда өттү.

Жаңы биометрикалык паспорттун алгачкы ээлери биздин жаш шахматчылар - Азиянын үч жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков болду. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык турнирлерге катышуу үчүн жаш спортчуларга паспорт керектелген.

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Анын 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар: беткабында тактилдик элементтер, когнитивдик басуу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар. Лазердик технологиянын ыкмасы менен басылган жеке маалыматтар (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) жана электрондук чип паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

Биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталган жана бүгүнкү күндө 40 миңге жакын арыз берүүчүлөр бар. Бүгүнкү күндө алардын 32 миң бирдиги тапшыруу процессинде. Документтерди каттоо жана паспортторду берүү жашаган жерине карабастан бардык калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Өндүрүү убактысы 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий