• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алгачкы жолу Бишкектен Сауд Аравиясына каттам аткарылды

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда 2022-жылдын 6-февралына караган түнү «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы тарабынан Бишкектен Джидда шаарына биринчи чартердик каттам учуп кетти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Эйр Манас» авиакомпаниясы Кыргызстандын Сауд Аравия Падышачылыгынын биринчи оператору болуп дайындалып, «Бишкек-Джидда-Бишкек» багыты боюнча жумасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткармакчы. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, КР транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов жана Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты.

«Бишкек-Джидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчыларыбыздын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, Сауд Аравиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалууда”, - деп билдирди Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий