• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

AliExpress Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн ачууга ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кытайдын белгилүү AliExpress интернет-дүкөнү Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн ачууга ниеттенүүдө.

Компаниянын глобалдык логистика боюнча директору Рики Сюэ Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда AliExpress Тажикстан менен туруктуу кызматташууга даяр экенин билдирген:

– Эгер картаны карасаңар, Тажикстан – Кытайдын батыш чек арасындагы кошунасы, кытай товарларын Орусия жана батыш өлкөлөрүнө ташый турган ыңгайлуу пункт.

Рики Сюэ компания Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн жана товарлар үчүн кампасын ачууга ниеттенип жатканын айткан.

AliExpress — товарларды чекене жана дүң саткан, Alibaba Group компаниясынын курамына кирген Кытайдагы ири интернет соода аянтчасы. 1999-жылдан бери иштейт. Alibaba Group компаниясынын курамында Alibaba.com, Tmall, Taobao интернет-дүкөндөрү да бар. Сатуучу товарды кардарга жеткирген учурда гана акча алуу менен компаниянын тейлөөсү өзгөчөлөнүп турат.

Пикир

Оставить комментарий