• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алия Шагиева Алматынын эң кымбат ресторанында түштөнгөнүн четке какты

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Айжамал Дүйшөева - Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева, Казакстандын Алматы шаарындагы эң кымбат деп эсептелинген ресторанда түштөнгөндүгү боюнча жазган айрым ЖМКлардагы маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы өздүк баракчасына жазган.

“Басма сөз - өтө кызык. Журналисттер баштарына калпактарды кийип алып, жылдыздай жайнап, жомокчуга айланып кетишет. Керемет! Окуп алып күлөсүн. Жолу болбогон жазуучу сөрөйлөрдүн арты менен сен Алматыдагы эң кымбат ресторандан тамактанасың. Сыйкырдуу калем саптын жардамы менен эч качан акча коротпосоң дагы сен шаарда 100$га пиццага тапшырык кылган болосуң. Калпакчан жылдызчалар ушакка жакындардын ач болгон көздөрүн көрүп сүйүнүшөт. Баарына жакшы; сыйкырчылар ишенчээктердин алдына даамдуу тамакты салып койду. Кызык, туурабы? “- деп жазат Шагиева.

Мындан мурдараак Казакстандын бир маалымат порталында Алматыдагы эң кымбат деп эсептелген ресторан жөнүндө маалымат чыккан. Анда, 10го чукул өлкөнүн президенттери ушул ресторанда болгону жазылган. Ошондой эле, макалада жакында эле Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да аталган ресторанда түштөнгөнү жазылган.

Пикир

Оставить комментарий