• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алия Шагиева: Киев, сени менен таанышканыма абдан кубанычтамын (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 26.10.17./Кабар/. Жаш сүрөтчү, КР президенти Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы Алия Шагиеванын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү Киевде 25-октябрда өтө тургандыгын ал өзү фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Көргөзмө Киевдеги белгилүү арт-аянтчаларынын бири болгон "Триптих" галереясында ачылды.

Ага байланыштуу Алия Шагиева жолдошу экөө учурда Киевде жүрүшөт.

Ал өзүнүн фейсбук баракчасында шаар жана андагы элдер тууралуу жазган.

“Украинадагы эң укмуштуудай алгач эле айткың келе турган нерсе – андагы элдер. Билесиздерби, Москвадан айырмаланып, мисалга, бул жакта бейтааныш эле адамга келип жолду гана сурап тим болбостон жакындан сүйлөшүп да кете аласың! Бардык темага. Биз абдан таң калып жатабыз. Көчөдө кетип жатканда жан дүйнөңдө тынчтык болот.

Жолдошумду айдоочулар таң калтырды. Алар абдан сылык, көчөдө бири-бирине сигнал бергенин бир да жолу уккан жокбуз, бир да жолу! Эгерде жол кырсыгы болсо да айдоочулар акырын эле чыгып, бири-бири менен макулдашып алышат экен”,-деп жазган ал.

Шагиева ошондой эле, укмуштуудай шаар менен таанышканына абдан кубанычта экендигин жазган.

Пикир

Оставить комментарий