• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алимбаев: Түндө атышуу болгон жок, бирок кырдаал курч

Аймак 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. 16нан 17-сентябрга караган түнү атышуулар болгон жок, бирок кырдаал курч. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда тажик тарап менен биргеликте чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштер алып барылууда.

"Бирок кырдаал оор бойдон калууда. Чек ара айылдарына кирген тажиктер чыгарылды. Ал жакта кечинде биздин атайын түзүмдөр иштешти", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий