• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алимбек Маматаминов Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22./Кабар/. Алимбек Маматаминов Ош облусундагы Чоң-Алай районунун баш имам хатиби болуп дайындалды.

Муфтияттан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду.

Маматаминов Алимбек Жаанбаевич 1992-жылы 1-январда Чоң-Алай районунунЧулук айылында туулган. Ал өз ишин Жекенди айылындагы «Имам Аззам» мечитинин имамы болуп эмгектенүүдөн баштап, 2017-жылы борбордук «Ак мечитке» имам-хатиб болуп дайындалган.

Ошондой эле Алимбек Маматаминов Чоң-Алай районунун имамдарына Матуридий акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча сабак берип келет.

Пикир

Оставить комментарий