• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алимбеков Агрардык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган комитет төрагалыгына “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан депутат Нурбек Каарыевич Алимбеков сунушталган.

Добуш берүүнүнү жыйынтыгында Нурбек Каарыевич Алимбеков Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына 95 добуш менен шайланып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Н.Алимбековду комитет төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий