• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна шайланды.

Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясы тарабынан сунушталган. Фракция лидери Жанарбек Акаев талапкер тууралуу маалымат берип, анын эмгек тажрыйбасына учкай токтолду.

Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий