• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алина Пирматова Ливандагы Miss Asia World-2017 эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышат

Коом 0

Бишкек, 17-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Алина Пирматова Ливандагы Miss Asia World-2017 эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу катышуучу өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Сынактын уюштуруучуларынын баракчасында маалымдалгандай, 3-21-майда Ливанда дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн сулуусу катышкан эл аралык сынак өтөт.

Талаптарга ылайык, катышуучулардын бою 1,73 метрден жогору, 17-26 жашта болууга тийиш.

Белгилей кетсек, Miss Asia World 1968-жылдан бери азия өлкөлөрүнүн аялдарынын арасында өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий