• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алина Пирматова Ливандагы Miss Asia World 2017 сынагына Кыргызстандын атынан катышат

Коом 0


Бишкек, 10-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 20 жаштагы Алина Пирматова Ливанда өтүүчү Miss Asia World 2017 эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине бул долбоордун директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.

Анын айтымында, сынак 5-22-майда өтөт. Бул сынактын талаптары боюнча катышуучулардын бою 173 см жогору, 17-26 жашта болушу керек.

Белгилей кетсек, А.Пирматова подиумдарга бир нече ирет чыгып, тасмаларга да тартылып жүрөт. Ошондой эле, Алина “Бажарики” үй-бүлөлүк комедиясына тартылган.

Пикир

Оставить комментарий