• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алишер Усманов Өзбекстандагы аз камсыз үй-бүлөлөргө 1,5 миллион доллар бөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Өзбек тектүү белгилүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстандын Наманган жана Анжиян облустарындагы 6 миң үй-бүлөгө 15 миллиард сум (1,5 миллион доллар) бөлдү.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, жардам багар-көрөрү жокторго жана майып кишилери бар үй-бүлөлөргө берилди.

Каражат пластик карталарга которулуп, ээлерине тапшырылды.

Буга чейин Алишер Усмонов Сардоба дамбасынын жырылышынан жапа чеккендерге да 15 миллион доллар жардам берген.

Анын ичинен 10 миллион АКШ доллары өзбекстандыктарга, 5 миллион доллар Казакстандын Түркстан облусунун Мактаарал районунун жашоочуларына берилген.

Наманган облусунун Чуст районунда туулган Алишер Усманов көптөгөн жылдардан бери Орусия жана Улуу Британиянын эң бай адамдарынын бири катары эсептелип келет. Forbes журналынын маалыматына караганда, ушул тапта анын мүлкү 13,4 миллиард долларга бааланат.

Пикир

Оставить комментарий