• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Солтонбекова Ализа Карыпбековна эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий